А.БӨРҮБАЕВ МЕКТЕБИ ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН 2-ЭТАБЫНДА 3 БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ КАМСЫЗДАДЫ

24.02.2025
12

 

24-февраль күнү, Талас шаарынын А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде 2024-2025-окуу жылындагы предметтик олимпиаданын 2-этабынын жыйынтыгы чыгарылды.

Бардыгы болуп 276 окуучу олимпиадага катышып, алардын ичинен 53 окуучу 1-, 2- жана 3-орундарга ээ болду.

Орто мектептер арасында жеңүүчүлөр:

1-орун – Талас шаарындагы Р. Я. Рысакова атындагы №2 орто мектеп

2-орун – Кара-Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектеп

3-орун – Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектеп жана Көк-Токой айылындагы Ш. Шеркулов атындагы орто мектеп.

Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык орто мектеби 3 байгелүү орунду алып, 13 упайга ээ болду. Алар:

• Амангелдиев Ийманбек - физика сабагынан I орунду камсыз кылып, I даражадагы диплом менен сыйланды.

• Музалиева Милана – кыргыз тили жана адабияты сабагынан I орунду камсыз кылып, I даражадагы диплом менен сыйланды.

• Кудайбергенова Аделя - химия сабагынан III орунду камсыз кылып, III даражадагы диплом менен сыйланды.

Олимпиаданын 3-этабы 13-14-март күндөрү өткөрүлөт.