АЙЫЛ ӨКМӨТ АТ МАЙДАНДЫ ОҢДОДУ

25.11.2024
31

 

2024-жылдын 25-ноябрында Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылында Сагынбек Бекназаров атындагы ат майдан ачылды.

Эски ат майданды оңдоону айылдык кеңештин депутаттары колдоп берген. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп, ат майдандын шарттарын жакшырткан. Жарыктар орнотулуп, көрүүчүлөр үчүн атайын үстү жабылган орундуктар жасалды. Мындан тышкары ат майдандын бети талаптагыдай болуп тегизделди. Жергиликтүү бийликке “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду да колдоо көрсөтүп, ат майдандын тай казандарын орнотуп берген.

Ачылыш аземинде айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев курулушка салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Жергиликтүү элди кубанткан саамалыкка “Альянс Алтын“ компаниясы колдоо көрсөтүп, 150 миң сом демөөрчүлүк кылды.