Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын тарыхында биринчи жолу ички жолдорго асфальт басылып, тротуар салынды. Жалпы 5054 метр аралыкка асфальт төшөлүп, талапка ылайык жол белгилери да орнотулду.
Ички жолдорду оңдоону айылдык кеңештин депутаттары колдоп , айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев ишке ашырды. Айыл калкына ыңгайлуу шарт түзүүгө акча жергиликтүү бюджеттен эсебинен каржыланды.
Эми жазында тротуардын жанына суу өтүүчү латоктор да орнотулат.
Бүткөн иш менен жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары таанышып чыкты. Аксакалдар алкыш айтып, айылдын мындан ары да өнүгүшүн тилек кылып, ишти алдыга жылдырган жетекчилерге бата беришти.
Жол оңдоо иштерине №36 жол тейлөө мекемеси, Талас райондук мамлекеттик администрациясы жана облус бийлиги ар тараптуу колдоо көрсөткөн.
Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн эсебинен бүгүнкү күндө Чоң-Токой айылында жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Бакыт Кыдыралиев башында турган жергиликтүү бийлик келаткан жылда Сасык-Булак, Кеңеш, Талды-Булак айылдарынын да жолдорун асфальт кылууну көздөшүүдө.