ЧОҢ-ТОКОЙ АЙЫЛЫНА 2 510 МЕТР АРАЛЫККА АСФАЛЬТ БАСЫЛАТ

25.09.2024
24

 

Шумкар -Уя айыл аймагынын башчысы  Бакыт Кыдыралиевдин жана төрага Алтынбек Боркеевдин ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси жана колдоосу менен Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылына асфальт басуу иштери старт алды.

Бүгүнкү күнгө карата жолдор асфальт басууга даярдалып, таптап тегиздөө иштери жүрүүдө. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Чоң-Токой айылына 2 км 510 метр аралыкка  туурасы 6 метр, калыңдыгы 6 см асфальт басылат.  Жумуштар  №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан  жүргүзүлөт.

Эске салсак, буга чейин Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу  Кара-Ой айылындагы жолдорго туурасы 6 метр, калыңдыгы 6 см асфальт басылды. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 76 млн сом каржыланып,   5054 метр аралыкка асфальт басылды.