КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК: УЛУУ МУУН ӨКҮЛДӨРҮНӨ МАЙРАМДЫК СЫЙ ТАМАК УЮШТУРУЛДУ

15.10.2024
6

 

1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата бүгүн Талас шаарында Шумкар-Уя айыл аймагындагы карылар үчүн майрамдык сый тамак уюштурулду.

Ага айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин депутаттары ошондой эле Шумкар-Уя айыл аймагындагы 340 улуу муун ѳкүлдѳрү катышышты.

Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев өз сѳзүндѳ иш-чаранын катышуучуларын Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, майрам ээлерине чың ден соолук, сергек жашоо, узун өмүр жана бактылуу карылык каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө карыларга майрамдык концерттик программа тартууланып, сый тамак берилди.

Белгилей кетсек, 1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө карыларга камкордук кѳрсѳтүү максатында түрдүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.