КЕҢЕШ АЙЫЛЫНДА 75 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ

17.04.2025
19

 

Бүгүн, 17-апрелде Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кеңеш айылында 75 орундуу заманбап бала бакчанын курулуш иштери расмий түрдө башталып, пайдубалына мезгил кутусу салынды.

Аталган иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Пезиденттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Мураталиев жана Гулкан Молдобекова, Шумкар Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, ошондой эле жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

• 75 орунга ылайыкталган;

• Балдардын эрте өнүгүүсү үчүн бардык шарттар менен жабдылат;

• Жергиликтүү тургундар үчүн кошумча жумуш орундары түзүлөт .