Кымбаттуу агай-эжейлер!

03.10.2025
1

 

Мугалимдик кесип – эң байыркы жана ыйык кесип. Ал тынымсыз изденүүнү, жоопкерчиликти, сабырдуулукту жана чексиз эмгекти талап кылат. Мугалим – адамдын жан дүйнөсүнө жарык чачып, жашоонун маңызын түшүнүүгө жол ачкан улуу устат.

Чыныгы мугалим өзүнүн үлгүсү менен тарбия берип, ар бир окуучунун өзгөчөлүгүн ачып, дараметин өстүрүүгө көмөкчү болот. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин аркасында билимдүү, акыл-эстүү жана тарбиялуу жаш муун өсүп келе жатат.

Бардык мугалимдерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм!

Урматтоо менен,

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы

Бакыт Кыдыралиев.