Бүгүн, 13-ноябрда Газпром спорттук комплексинде футзал боюнча “Мурас Аймак” турниринин облустук этабы башталды. Ага Талас облусундагы бардык райондордон, Талас шаарынан түзүлгөн командалар катышууда.
Турнирдин негизги максаты — мекеме, ишканаларда иштеген ар тармактын өкүлдөрүнүн ортосундагы достук жана расмий эмес байланыштарды чыңдоо, калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, аталган спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өтө турган салттуу достук «Мурас» турниринин тандоо этабы болуп саналат. Жеңген командалар быйылкы жылдын декабрь айында өтүлүүчү “Мурас” турниринин финалдык баскычына катышат.