Ыйык Орозо айынын урматына Шумкар-Уя айыл өкмөтү “Кыргыз Логистик Сервис” компаниясы менен биргеликте айыл аймактын калкына ооз ачыруу иш-чарасын өткөрүштү.
Талас шаарындагы “Бермет гранд” ресторанында дасторкон жазылып , 220 адамга сый тамак тартылды.
Ооз ачар иш-чарасында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байжигитов, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев , "Кыргыз Логистик сервис" компаниясынын жана "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрү айыл калкын Орозо айы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин айтышты.
Жыйынтыгында куран түшүрүлүп, айыл аксакалдары бата берип , уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошондой эле ооз ачар иш-чарасынын алкагында 8-мартка карата дайындалган атайын белектер да тапшырылды .