ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР: АКЫН КЕСЕКСАРЫ ИСАКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ДАҢАЗАЛАГАН АДАБИЙ КЕЧЕ БОЛУП ӨТТҮ

20.02.2025
47

 

20-февраль күнү, К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эл агартуунун отличниги, Талас облусунун ардактуу атуулу, эл сыймыгы Кесексары Исаковдун 90 жаш мааракеси белгиленди.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Т. Эдилов, Талас районунун акиминин биринчи орун басары А. Жолдошов, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдыралиев, төрага А. Борукеев баштаган айылдык кеӊештин депутаттары, адабият чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Адабий кечеде айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев куттуктоо сөз сүйлөп, өз сөзүндө чырпыктан чынар өстүргөн агартуучу физик-математик, көрүнүктүү акын, жазуучу Кесексары Исаковдун ишмердүүлүгүндөгү урунттуу учурларга токтолуп, эли-журтка жасаган опол тоодой эмгегин белгилеп, кутман курак 90 жаш мааракеси менен куттуктады!

Белгилей кетсек, Кесексары Исаков бир эле учурда калем кайрап ыр жазган акын, тиш каккан чыгаан журналист, агартуучу физик-математик катары коомдун калыӊ катмарына таанылган. Кесексары Исаков «Жүрөк толкуну», «Алтын уям», «Турмуш ыргактары», “Сөз кадыры”, “Күүгүмдөгү ойлор”, “Келгин куштар кайтып жатат алыска”, “Туман” аталышындагы бир катар көрүнүктүү эмгектердин автору.