ШУМКАР-УЯ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ АСАНБЕК ОТОРБАЕВДИН ТУРНИРИН БАШТАП БЕРДИ...

06.10.2024
30

 

"Асанбек Оторбаев - Шумкар-Уя" эл аралык турнирине 15-жашка чейин өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшүнө 1000ге жакын балбан катышты .

Балдар- кыздар өлкө аймагынан жана коңшу мамлекеттерден да келип, Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына чогулушту.

Бүгүн атайын салтанаттуу түрдө мелдеш башталып, эл өкүлү Марат Мураталиев,Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев , Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев , Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы

Алтынбек Борукеев , күрөш федерацияларынын президенттери жана А.Оторбаевдин жакындары катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты .

Мелдешти өткөрүүнү Шумкар-Уя айыл өкмөтү демилге кылып көтөргөн. Себеби Таластан чыккан эр жүрөк Советтер Союзунун баатыр Асанбек Оторбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир көп жылдан бери өтпөй токтоп калган. Эми бүгүнтөн баштап баатырдын атындагы грек-рим күрөшү боюнча турнир Талас районундагы Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аракети менен кайрадан жанданды жана райондук , облустук бийлик, күрөш федерациялары колдоо көрсөткөн.

Ушул аймакта кен иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы да четте калбайт башкы демөөрчү болуп, 1 млн.сом колдоо көрсөттү. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен да акча каржыланды .

Турнир эртең 7-октябрда жыйынтыкталат.