Карыларды камкордукка алуу максатында Шумкар-Уя айыл өкмөтү аймактагы улгайган курактагы тургундарды "Бермет гранд" ресторанына чакырып, майрамдык кече уюштурду.
Салтанатка айыл аймактагы 6 айылдан биригип , 420 карыя чакырылды. Иш-чарада Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев , Талас районунун акими Байышбек Астанакулов жана "Альянс Алтын" компаниясынын кызматкери Насирдин Алымсеитов карыяларга таазим кылып, бекем ден соолук жана бакубат турмуш каалашты.
Айыл өкмөтү тарабынан дасторкон жазылып, сый тамак тартылды. Ошондой эле жергиликтүү таланттар тарабынан ыр, бийлер аткарылып, аксакал ата, апалардын маанайлары көтөрүлдү.
Иш-чаранын чыгымына акча Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жана "Альянс Алтын" компаниясынан каржыланды.