ШУМКАР-УЯ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ТАШТАНДЫДАН ДА ПАЙДА ТАБА БАШТАЙТ…

25.11.2024
72

 

2024-жылдын 25-ноябрында Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын Сасык-Булак айылында таштанды кабыл алуучу жай (мусорный полигон) ачылды. Анын аянты 1.5 гектарды түзүп, курчалган. Ичине облус боюнча эң чоң беккари чуңкуру кошо курулган. Мындан тышкары тараза жана таштанды сорттоого ылайыктуу шарттар камсыздалды.

Жумушту "Шумкар” тазалык ишканасы аткарат. Муниципалдык ишкана Шумкар-Уя айыл аймагынын гана эмес, Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы чыгарган таштандыларды да кабыл алып, бюджетке пайда алып келүү жагын караштырууда.

Ачылыш аземи бүгүн болуп, ага Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн аппаратынын жетекчиси Руслан Жээнбеков ,айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышып жаңы башталган ишке ийгилик каалашты.

Айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештин колдоосу менен көрсөтүлгөн талаптардын баарын аткарып, таштанды кабыл алуучу жайды заман талабындай кылып курдурган. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 27 млн.сом каржыланган.

Белгилей кетсек,Талас облусундагы айылдарда санитардык нормаларга толук жооп берген мындай шарттагы полигон жок.