Шумкар-Уяда 5000 түп ак кайың отургузулду

12.04.2025
8

 

Президенттин өлкөнү жашылдандыруу демилгесин колдоо максатында Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында 5000 түп ак кайың көчөтү отургузулду.

"Жашыл Мурас" өнөктүгүнө айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев баштаган мекеме-уюмдардын баардык кызматкерлери, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев ,депутаттар жана башка активдүү жарандар катышты. Ошондой эле Талас райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынан да келип, жардам кылышты

Жалпы 300 адам көчөт тигип , 5.5 гектар жер көрктөндүрүлдү

Жашылдандырууга Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы демөөрчү болуп, 1 миллион сом колдоо көрсөттү

 Аймактын экологиялык абалын жакшыртып, келечек муундар үчүн жашыл аймак кылуу демилгеси жыл сайын уланат

Эске салсак, өткөн жылы да ушул аймакка 5000 көчөт тигилип, 5,5 гектар жер жашылдандырылган.