ШУМКАР - УЯДА ОКУУЧУЛАРДЫ ЗАМАНБАП КЕСИПТЕРГЕ ДАЯРДОО АРАКЕТТЕРИ КӨРҮЛҮҮДӨ

14.10.2024
35

 

Робототехника - бүгүнкү күндө интернет технологиялар тармагындагы келечектүү багыттардын бири. Андыктан окуучуларды заманбап кесиптерге даярдоодогу алгачкы робот куруу, конструкциялоо жана программалоо багытындагы билимдерин өркүндөтүү, жаңы технологияларды колдонууга үйрөтүү максатында Шумкар-Уя айыл аймагындагы 6 мектеп, 2 балдар бакчасына робототехникалар алынып берилди.

Мындай демилге айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевдин тарабынан көтөрүлүп, айылдык кеңештин колдоосу менен жүзөгө ашырылды. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 100 000 миң сом бөлүнүп, ар бир мектепке робототехникалар комплектиси менен тапшырылды.