Шумкар-Уя айыл аймагындагы өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын комбат джиу-джитсу боюнча өткөн чемпионатына катышып, мыкты жыйынтык менен кайтып келишти.
Жаш спортчулардан 13 өспүрүм барып, 5 алтын,4 күмүш жана 4 коло утуп , айыл аймактын намысын бийик көтөрүштү.
Шумкар-Уя айыл өкмөтү жаш спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктайт. Мындан ары да Кыргызстандын желегин эл аралык мелдештерде желбиретип, ийгилик жарата бериңиздер. Биз сиздерге ишенебиз жана колдойбуз !