СУУСАМЫР-ТАЛАС-ТАРАЗ АВТОУНАА ЖОЛ ЖЭЭГИ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛДИ

09.02.2025
25

 

Шумкар-Уя айыл аймагындагы калктуу конуштардын көрүнүшүн жакшыртуу максатында  Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун жээгиндеги курулуш материалдарын (таш, кум, топурак ж.б.) тазалоо, бузулуп турган техникаларды, илинген баннерлерди алуу, жарыктандыруу мамычаларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.  Анын алкагында жол жээгинин  санитардык абалы жакшыртылып, ар кандай  тиричилик калдыктардан, курулуш таштандылардан тазаланды.