Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган депутаттардын колдоосу менен Суусамыр жайлоосунда малчылардын майрамы өткөрүлдү. 70 миң сом байге сайылып, малчылар күрөш, аркан тартыш, эр эңиш жана улак тартып таймашышты.
Мындан тышкары маданият кызматкерлери тарабынан ыр күүлөр аткарылып, жайлоо шаңга бөлөндү.
Суусамырдагы Шумкар-Уя айыл аймагынын малчыларын айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев, төрага Алтынбек Борукеев, депутаттар жана башка муниципалдык мекеме уюмдардын жетекчилери куттуктап, ийгилик каалашты