Талас облусунун башчысы Шумкар-Уя айыл аймагынын калкы менен жолукту

15.02.2026
1

 

Кыргыз Республикасынын Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Облус башчысы 2025-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2026-жылга карата түзүлгөн иш пландар тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушууда аймактагы инфраструктуралык долбоорлор,

жол, суу жана социалдык объектилер боюнча аткарылган иштер жана быйылкы жылга мерчемделген жаңы демилгелер талкууланды.

Элдик жыйында эл менен бийликтин ортосунда ачык диалог болуп айыл тургундары өздөрүн түйшөлткөн райондук жана облустук деңгээлдеги көйгөйлөрдү ачык айтышты.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлер эске алынаары белгиленди.