ТАЛАС ОБЛУСУНУН ЖАҢЫ БАШЧЫСЫ Э. ДЖУМАЕВ ШУМКАР-УЯДАН КАБАР АЛДЫ

06.09.2024
37

 

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагындагы Талды-Булак, Ак-Коргон, Кара-Ой, Кеңеш, Сасык-Булак жана Чоң-Токой айылдарында болуп, жергиликтүү бийликтин жасап жаткан иштери менен таанышып чыкты.

Облус башчысы Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундарына түзүлүп жаткан шарттарды көрдү.

Бүгүнкү күндө аймакта электр чубалгыларын тартуу, таштанды полигонун куруу, аймакты 100 %интернетке кошуу, таза суугкиргизүү, ички жолдорду асфальттоо, бала бакча, мектеп өңдүү социалдык объектилерди оңдоп-түзөө, айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын куруу, түнкү жарыктарды орнотуу жана башка долбоорлорду камтыган ири суммадагы бир топ алгылыктуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Эрмат Джумаев айыл тургундары менен да жолугууга убакыт бөлдү. Облустун башчысы жергиликтүүлөрдүн ар кандай сунуштарын кабыл, суроолоруна жооп берди .

Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган депутаттардын бирдиктүү ишинин натыйжасында ишке ашкан долбоорлор менен облустук жана райондук мекеме-уюмдардын баардык жетекчилери да таанышты.

Жолугушуунун соңунда облус башчысы аймактарды өнүктүрүүдө үчүн эң биринчи элдин ынтымагы маанилүү экендигин белгиледи.