Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында быйыл 225 орундуу мектептин курулушу башталат. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт .
Билим уя Чоң-Токой айылына курулат.
Чоң-Токой айылындагы Хан-Бүргө орто мектеби 1992-жылдан бери пайдаланылып келет . Жыгачтан салынган имарат азыр авариялык абалда. 120 орундуу мектепке 200гө жакын окуучу батып окууда. Билим уя тар болуп, 5 гана класстык бөлмө бар. Азем залы, спорт зал жана башка шарттары жок.
Канча жылдан бери келаткан бул көйгөйдү чечүүгө айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү жана тиешелүү мекемелер колдоо көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, Талас облусунда жергиликтүү бюджеттин каражатына алгачкы жолу мектеп салынганы жатат.