ТӨРӨКУЛ ЖАНУЗАКОВ - КЫРГЫЗДЫН АЛГАЧКЫ МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕРИ

26.07.2025
24

 

🖋️Талды-Булак айылында мамлекеттин түптөлүшүнө зор салым кошкон инсан Төрөкул Жанузаков эскерилди. Иш-чараг анын урук-тууганы “Солто” коому, жергиликтүү жетекчилер, белгилүү тарыхчылар, маданий ишмерлер , Базар-Коргон районунан делегация жана айыл калкы катышты.

132 жылдыкка карата маданий жана спорттук программалар уюштурулуп, 7 боз үй тигилди.

Эскерүү иш-чарасында Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ардагер журналист Нышанбек Кочкоров, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Кушубек Качиев , “Солто” коому, Базар-Коргон мамлекеттик администрациясынан келгендер жана жергиликтүү жетекчилер сүйлөп , Төрөкул Жанузаковдун кыргыз эли үчүн жасаган эмгегине жана эрдигине кенен токтолушту.

Мындан тышкары улуттук оюндар өткөрүлүп, “Солто” коому тарабынан эки автоууна баш байгеге коюлду. Ошондой эле Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев сүйлөп, 200 миң сом акчалай сертификат тапшырышты.

Төрөкул Жанузаков 1893-жылы азыркы Талды-Булак айылындагы Узун-Булак өзөнүндө жарык дүйнөгө келген. 28 жашында каза болгонуна карабай, кыргыз тарыхында өчпөс из калтырган. Ал эң алгачкы кыргыз мамлекеттик ишмерлеринин бири болуп, Түркстан АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ошондой эле кыргыздардын ичинен биринчи болуп Россиянын Мамлекеттик Думасына депутаттыкка талапкер болгонго жетишкен. Ал 1921-жылы Андижанда кызыл аскерлер менен болгон урушта азыркы Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында курман болгон.

Билгендер үчүн Төрөкул Жанузаков кыргыз үчүн күйгөн, мамлекеттүүлүктү түптөгөнгө жан үрөгөн саясий жетекчи жана мамлекеттик ишмер.

Белгилей кетсек, аталган инсанды эскерүүгө арналган иш-чара Талас облусунда биринчи жолу өткөрүлдү.