Бүгүн, 30-майда Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндөгү энелерге майрамдык кече уюштурулду. Демилгени айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөт башчысы биргеликте ишке ашырды. Айыл аймактан 265 эне чакырылды. Баарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен белектер тапшырылып, сый тамак берилди.
Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл аймагында 134 “Баатыр эне” жана 70 “Эне даңкы” медалынын ээлери бар. Бүгүнкү салтанатка көп балалуу энелерден тышкары, айыл аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп келаткан айымдар да чакырылып, сый урматка бөлөндү.