Иш-чаранын алкагында 18 жашка чейинки 85 мүмкүнчүлүгү чектелген балага таттуулар таратылды. Ошондой эле 18 жаштан жогору курактагы 220 жаранга азык-түлүк пакеттери тапшырылды.
Социалдык багыттагы бул иш-чараларды өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150 000 сом бөлүндү. Мындан тышкары "Жерүй" кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан да 150 000 сом өлчөмүндө кошумча каржылык колдоо көрсөтүлдү.
Аталган иш-чаралар Шумкар-Уя айыл аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды камкордукка алууга багытталды.