Бүгүн, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн муниципалдык техникасы Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарынын тургундарына Кара-Кечеден көмүр алып келди. Айыл эли килограммын 5 сомдон сатып алды. 25 тонна көмүр 2 саатта түгөндү.
Белгилей кетсек, көмүрдү арзан сатууну Шумкар-Уя айыл өкмөтү уюштуруп, кезеги менен айылдарга жеткирүүдө
Айыл өкмөтү быйыл күздө 500 тоннага чейин көмүр алып келип, аны арзан баада айыл калкына сатууну пландаштырууда