Шумкар-Уя айыл аймагынын социалдык-экономикалык жана маданий тармагына олуттуу салым кошкон, эмгеги сиңген инсандар аймактын "Ардактуу атуулу" наамы менен сыйланышты.
Сыйлоо аземинде аймактын тургуну, уз чебер Анипакан Кулбачаева КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды
Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана төрага Алтынбек Борукеев сыйлык ээлерин куттуктап, жаңы жылда албан ийгиликтерди жаратууга чакырып, бекем ден соолук каалашты.
Эмгеги бар инсандарга сыйлык тапшырууну Шумкар-Уя айылдык кенешинин депутаттары жана төрагасы Алтынбек Борукеев демилгелеп Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев колдоп , бирге уюштурушту .