Саз-Булак айылында 120 орундуу “Шумкар Алтын-Уя” аттуу жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. 2 кабаттуу имарат толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, 72 миллион сом жумшалды. Балдар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ошондой 27 тургунга жумуш оруну пайда болду.
Бакчанын ачылышына айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев , Талас районунун акими Байышбек Астанакулов , Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов , айылдык депутаттар жана тургундар катышты. Жетекчилер жергиликтүү калкты куттуктап, мындан ары да эл үчүн пайдалуу долбоорлор ишке ашырыла берерин белгилешти.
Белгилей кетсек, Саз-Булак айылындагы эски бала бакча жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келип, 1992-жылдан бери пайдаланылбай келген. Ушул жылдар аралыгында ата-энелер балдарын коңшу айылдарга ташып барууга аргасыз болушкан. Элдин бул көйгөйү айыл өкмөтү жана депутаттардын колдоосу менен чечилди.
Июнь айында Кеңеш айылында 75 орундуу жаңы бала бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Ал эми март айында Чоң-Токой айылында бала бакчанын курулушу башталат. Бул курулуштар да депутаттардын колдоосу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.