Бүгүн, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев 2025-жыл ичинде кызматтык милдеттерин жигердүүлүк менен аткарган айыл башчыларына жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине "Ыраазычылык кат" тапшырып, ар биринин кошкон салымдарын белгиледи. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн "Ыраазылык каты" менен Талас электр тармактар ишканасынын Чат-Базар участогунун жетекчиси да сыйланды.
Сыйлоо аземинин соңунда айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев жана төрага Алтынбек Борукеев муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жана айыл башчыларына ийгилик каалап, 2026-жылда жаңы дем, изденүү менен аракет жасап, быйылкыдан да жакшы иштөөгө чакырышты.