АЙЫЛ БАШЧЫЛАРЫНА ТҮЗҮЛГӨН ШАРТ

20.08.2024, 12:00
46

20-август күнү, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси менен айыл аймактагы Талды-Булак, Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарынын айыл башчыларына 5 даана электроскутер алынып берилди. Мындай аракеттер элет жеринде айыл элин ыкчам жеринен барып тейлөө максатында ишке ашты. Эми айыл башчылар мурдагыдай жөө жүрбөстөн убакытты үнөмдөп экологиялык электроскутерлер менен ыкчам иш алып барышат.

Айылдык кеңештин төрагасы А.Боркеев жана айыл өкмөт башчынын орун басары, жооптуу катчы И.Сариев айыл башчылардын мындан аркы иштерине ийгилик каалап электроскутерлердин ачкычтарын тапшырышты.