❗Бүгүн арзан баадагы көмүр Шумкар-Уя айыл аймагынын Чоң-Токой жана Кеңеш айылынын тургундарына түшүрүлдү. Айыл жашоочулары 5 сомдон сатып алышты
❗Жеңилдикти Шумкар-Уя айыл өкмөтү түзүп, элге көмүрдү арзан сатууну уюштурууда.
❗Калыстык үчүн ар бир үй-бүлөгө 500 кг.дан гана сатылууда. Максаты элге тегиз жеткирүү!
✔️Көмүрдү айыл өкмөтүндөгү муниципалдык техникалар Кара-Кечеден ташып келүүдө
☝️Айыл өкмөтү быйыл күздө 500 тоннага чейин көмүр алып келип, аны арзан баада айыл калкына сатууну пландаштырууда