АЙЫЛ КАЛКЫНА ТҮШҮНДУРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

31.01.2025, 16:00
13

Кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Шумкар -Уя айыл аймагындагы кооптуу делген үй-бүлөлөргө түщүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, социалдык адистер, айыл башчылар ИДН кызматкерлери менен бирге аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турган айыл тургундарына жолугуп, кабар алышты.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө аталган үй-бүлөлөргө жардам катары айыл өкмөтүнөн азык-түлүктөр тапшырылды.

Буга чейин зордук-зомбулуктун жана башка кылмыштуулуктун түрлөрүн алдын алуу боюнча координациялык кеңешме болуп, маселе каралган. Анын негизинде тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.