АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫ КОЮЛГАН ТАПШЫРМАЛАРДЫ УБАГЫНДА АТКАРУУНУ ЭСКЕРТТИ

23.10.2025, 12:37
2

   Бүгүн Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө 9 ай ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын талкуулаган жыйын болуп өттү. Иш-чарага айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев, кызматкерлер жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында Бакыт Кыдыралиев жыл башынан бери Шумкар-Уя айыл аймагында аткарылган иштер боюнча тиешелүү кызматкерлердин отчетторун укту. Ошондой эле тапшырмаларды убагында жана толук аткарбаган айрым кызматкерлерге сөгүш берди.

Жыйынтыгында айыл өкмөт башчысы жыйындын катышуучуларын элге кызмат көрсөтүүдө жоопкерчиликти күчөтүп, коюлган тапшырмаларды так жана өз мөөнөтүндө аткарууга чакырды.