АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ЭЛ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

22.01.2026, 14:33
1

Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө коомдук угуу болуп өттү. Элдик жыйынды Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Борукеев ачып Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев 2025-жылдагы аткарылган жалпы иштер боюнча жылдык отчетун берди.

Мындан тышкары 2026-жылга коюлган иш пландар жалпы элге тааныштырылды.

Элдик жыйында тургундар жарыш сөзгө чыгып, айыл аймактагы көйгөйлөрдү жана суруштарды айтышты.

Жыйынтыгында айыл өкмөт башчынын аткарылган иштери бир добуштан жактырылды.