АЙЫЛ ТУРГУНУНА 10 СОТЫХ ЖЕР УЧАСТОГУ БЕРИЛДИ…

27.06.2024, 21:22
19

Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылынын тургуну томолой жетим Эрмекова Рабияга турак жай куруу максатында 0.10 сотых жер участогу берилди. Мыйзамдуу жагы каралып, жердин кызыл китеби Мамлекеттик актысы колуна тапшырылды.

Бул иш боюнча Талас райондук прокуратурасы тарабынан тапшырма берилген. Аткаруу жагын Шумкар-уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана жер адиси Субанкул Кудайбергенов колго алып, айыл тургунуна жардам көрсөтүлүп, 10 сотых участок бөлүнүп берилди.