АЙЫЛДА ЖЕҢИШТИН 79 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

09.05.2024, 12:00
10

Шумкар-Уя айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 79 жылдыгына арналган майрамдык иш чара өткөрүлдү. Айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси менен аймактагы 80 жаштан жогору курактагы тургундар үчүн Сасык-Булак айылындагы Б.Сарногоев атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш чара уюштурулуп, дасторкон жазылды.

Иш-чарага Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы И.Сариев, айылдык кеңештин төрагасы А.Боркеев катышып, айыл аймактын аксакалдарын Улуу Жеңиштин 79 жылдык майрамы менен куттукташты.

Ошондой концерттик программа тартууланды .