АЙЫЛДАГЫ АР БИР ҮЙГӨ ИНТЕРНЕТ ТАРТЫЛАТ

20.07.2024, 12:00
16

Шумкар-Уя айыл өкмөтү айыл тургундарын интернет менен камсыз кылуу аракетинде. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 8 миллион сом бөлүнүп, Кеңеш, Чоң-Токой, Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарына интернет тартылууда. Дагы 5 млн.600 миң сомго , Талды-Булак менен Ак-Коргон айылдарына да интернет тартыла турган болду. Жумушту “Кыргызтелеком”ААКнун Талас облусундагы филиалы аткарууда. Интернет быйыл толук тартылып бүтөт.