АЙЫЛДАГЫ КЫЗМАТТАРГА ЖОЛ ТАНДАБАС АВТОУНААЛАР БЕРИЛДИ

20.05.2025, 14:26
23

Шумкар-Уя айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетине жана ветеринардык тейлөө кызматына

"SsangYong Rexton Sports" үлгүсүндөгү эки автоунаа тапшырылды.

Кызматтык унаа менен камсыздоону айыл өкмөтү демилгелеп, депутаттар колдоп берген.

2018-2020- жылы чыгарылган автоунаалардын ачкычтарын айыл өкмөтү башчысы Бакыт Кыдыралиев тапшырып ,аталган кызматтардын жетекчилерине ийгилик каалады.

@топовые поклонники