АК-КОРГОНДО КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

31.08.2025, 11:36
6

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Шумкар-Уя айыл аймагынын Ак-Коргон айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Аталган объекти Президенттин колдоосу менен курулуп, ишке берилди. Буга чейин бул айылда футбол аянтчасы жок болгондуктан, бул шарттарды жергиликтүү калкка чоң кубаныч тартуулады.

Ачылышы аземине айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев жана депутаттар катышып тургундарды бүгүнкү майрам менен куттукташты.