Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башсысы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси менен "Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 114 тонна көмүр аз камсыз уй-бүлөлөргө таратылууда. Мындай жардам Бекмолдо айыл аймагынын элине чоң жардам болду. Жалпысынан муктаж делген 228 үй-бүлөгө көмүр таркатылды.
Белгилей кетсек, аталган фонд тарабынан буга чейин да турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келген.