Сиздерди жаз менен кошо кирип келген 8-март Айымдардын Эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Эненин кадырына жеткен, аялзатын урмат-сыйга бөлөгөн коом гана туруктуу өнүгүү жолунда болот. Анткени сиздер үй-бүлөдөгү бейпилдиктин, коомдогу тынчтыктын жана өлкөдөгү өнүгүүнүн негизги күчүсүздөр. Андыктан сиздер ар күнү белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар деп билем.
Сиздерди ар дайым үй-бүлөлүк бакыт, адал мээнет, кетпес дөөлөт жандап, ар кадамыңыздарды ийгиликтер коштоп жүрсүн! Ар бириңиздерге жаркын маанай, чың ден соолук, узун өмүр тилейм. Ар дайым жакындарыңыздардын курчоосунда болуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин!
Сиздерди тереӊ урматтап,
Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Бакыт Кыдыралиев