Ардактуу мугалимдер! Билим берүү кызматкерлери!

04.10.2024, 15:21
14

Адамзаттын дүйнө таанымын бийиктерге жетелеген сокурга-көз, дүлөйгө-кулак, караңгыга-чырак, жан дүйнөгө – түбөлүк гүл азык болгон ардактуу кесип ээлери, сиздерди 5-октябрь – Мугалимдер күнү менен ак дилден куттуктайм!

Билгенге мугалимдик кесип – ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ошол эле учурда эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. «Билимдүүгө дүйнө жарык» - дегендей сиздердин аракетиңиздердин натыйжасында Кыргызстандын келечек муундары билимге ыктап, дүйнө таанымы күчтүү, зирек жаштар өсүп келе жатат.

Урматтуу агартуучулар, коомду агартууда үзүрлүү эмгектенип келе жатканыңыздарга ыраазычылык билдирүү менен сиздерге чыӊ ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм!

Сиздерди терең урматтоо менен Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович.