Ардактуу мугалимдер, окуучулар жана урматтуу бүтүрүүчүлөр!

26.05.2025, 09:30
7

Сиздерди бүгүнкү өзгөчө күн — акыркы коңгуроо салтанаты менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ар бир бүтүрүүчү үчүн бул күн — мектеп менен коштошуп, чоң турмушка карай биринчи кадам.

Айрыкча, балдарыбыздын келечеги үчүн талыкпай эмгектенип келген мугалимдер сиздерге терең таазим! Сиздердин билимиңиздер жана мээримиңиздердин аркасында окуучулар ийгилик жаратууда.

Шумкар-Уя айыл аймагындагы бүтүрүүчүлөрүбүз — сиздерден коомубуз чоң үмүт күтөт. Ар дайым бийик максаттарга умтулуп, ата-энеңиздердин жана мугалимдердин ишенимин актайсыңар деп ишенем.

Сиздерге ак жол, мугалимдерге ийгилик каалап, баардык ата-энелерге терең ыраазычылык билдирем!

Урматтоо менен,

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы

Бакыт Кыдыралиев