Ардактуу мугалимдер жана билимге умтулган окуучуларыбыз!

31.08.2025, 16:00
18

Сиздерди 1-сентябрь билим күнүнүн башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

📚Билим өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жол ачат. Ар бир бала билимге болгон умтулуусу менен өзүнүн келечегин, ошол эле учурда өлкөбүздүн эртеңин түзөт.

Шумкар Уя айыл өкмөтү билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, жаштарга сапаттуу билим алууга шарт түзүү багытында иштерди уланта беребиз. Биздин максатыбыз — ар бир бала мектеп босогосун кубаныч менен аттап, келечекке ишенимдүү кадам ташташын камсыз кылуу.

Баарыңыздарга чың ден-соолук, ийгилик каалайм. Билим күнүңүздөр кут болсун! Жаңы окуу жылы айыл аймагыбызга көп ийгиликтерди алып келсин!

Сиздерди терең урматтоо менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович