БАЛДАРГА МАЙРАМ УЮШТУРУЛДУ

01.06.2025, 11:11
4

1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагындагы балдар-кыздарга атайын майрамдык иш-чара уюштурулду. Айыл өкмөтүнүн эсебинен аймактагы 2 бала бакчага оюнчуктар тапшырылып, бөбөктөргө балмуздактар таратылды. Мындан тышкары аймактагы 6 мектептин башталгыч класстарында окуган балдар-кыздарга да балмуздак берилип, майрамдык маанай тартууланды.

Балдардын майрамына Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы да колдоо көрсөтүп , балдарга балмуздак таратты