Шумкар-Уя айыл аймагында Баткен согушунда баатырларча курман болгон Жакып Молдосандын жаркын элесине арналган облустук волейбол турнири өттү.
Иш-чаранын ачылыш аземине Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, Баткен коогалаңынын катышуучулары, айыл тургундары жана облус аймагынан келген окуучулар катышты. Жалпы чогулгандар Кара-Ой айылынан чыккан баатырды эскерип, арбагына куран түшүрүштү.
Ж.Молдосандын жаркын элесине арналган волейбол мелдешинде облус аймагынан келген окуучулар мыкты оюн көрсөтүштү . Жыйынтыгында диплом, медаль ,кубок ж.б сыйлыктар тапшырылды .
Иш-чаранын максаты Баткен согушунда курман болгон баатырлардын эрдигин эскерүү менен жаш муунду патриоттуулукка жана биримдикке үндөөгө багытталды.