Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев айыл аймактагы мектеп директорлоруна жыйын өттү. Жыйында элеттеги билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча директорлорго талаптар коюлду. Мындан тышкары мектептеги тартип, окуучулардын коопсуздугу ж.б маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл аймагында 6 билим уя бар. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтү мугалимдер менен окуучуларга ыңгайсыздык жараткан көйгөйлөрдү чечип, билим деңгээлин көтөрүүнүн үстүндө иш алып барууда.