БИРИНЧИ ЖОЛУ ТАЛАСТА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН КҮЧҮ МЕНЕН ЖАҢЫ МЕКТЕП САЛЫНАТ!!!

15.07.2024, 15:00
19

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында быйыл мектептин курулушу башталат. 225 орундуу билим уя Чоң-Токой айылында курулат.

Азыр документтерин даярдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары учурда Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев жана Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектептерде толук кандуу ремонт иштери кызуу уланууда.

Ошондой эле аймакта бала бакчалардын шарттарын жакшыртуу, оңдоп-түзөө жана жаңысын куруу боюнча иштер алып барылууда.

Мунун баарына каражат айылдык кеңештеги депутаттардын жана айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевдин колдоосу менен бюджеттен бөлүнүп берилди.

Элеттеги билим тармагын чыңдоо Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башкы максаттарынын бири .