Эми айдоочулар жана жүргүнчүлөр Талас районундагы Шумкар-Уя айыл аймагынан өтүп баратып , жолдогу LED экрандан түрдүү социалдык роликтерди, жарнамаларды жана башка видеолорду көрө алышат . Бул долбоор Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демилгеси менен ишке ашып, жергиликтүү бюджеттен жумшалды .
Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевдин айтымында жарнамаларды жол боюна илбей, ушундай кылып заманбап шарттарга ылайык LED экранга алып чыгуу боюнча Президент Садыр Жапаров тапшырма кылган. Белгилей кетсек аталган LED экранга жарнама жайгаштыруучулар тарабынан айылдын бюджетине киреше түшө баштайт. Эң жакшы жери жарнамаларды жайгаштырууда убаракерчилик азаят.
Азырынча трасса боюна жасалган мындай LED экран Талас облусу боюнча жок.