«Биз биргебиз»

31.10.2025, 12:52
2

🔶Шумкар-Уя айыл аймагында аялдар кеӊешинин «Биз биргебиз» аттуу облустук семинары болуп өттү. Иш-чарага Талас облусундагы аялдар комитеттери катышты.

🔶Семинардын жүрүшүндө ар бир райондон келген аялдар комитеттери өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар жергиликтүү деңгээлде аялдардын ролун чыңдоо жана үй-бүлөлүк кирешени көбөйтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле катышуучулар кол өнөрчүлүк аркылуу киреше табуунун жолдорун көрсөтүштү.

🔶Бул семинар айымдар үчүн тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды талкуулоо жана бири-бирине дем берүү аянтчасына айланды.