БИЗДИН СЫЙМЫКТАР! ОКУУЧУЛАРЫБЫЗ ОЛИМПИАДАНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ТУРУНА ӨТТҮ

18.03.2025, 19:00
15

Республикалык предметтик олимпиаданын облустук турунда Шумкар-Уя айыл аймагындагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин окуучулары чоң ийгилик жаратты.

Эржан Асыранов жетектеген мектептин 2 окуучусу жеңүүчү деп табылды. Алар:

🔶Амангелдиев Ийманбек физика предмети боюнча ( даярдаган мугалими -Асыранов Эржан)

🔶 Музаалиева Милана кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча ( даярдаган мугалими Алгожоева Айзада)

👏Эми аталган окуучуларыбыз республикалык турга катышып, мектептин эле эмес , Талас облусунун намысын коргошот. Билимге умтулган окуучуларыбызга жана аларды даярдаган мугалимдерибизге ийгилик каалайбыз.